Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 22.05.2016 15:14

Айыл турмушу: 23 жаштагы ишкер Кочкордогу үйүнө тигүү цехин ачып, жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылынын тургуну Уланбек уулу Турсунбек үйүнө чакан тигүү цехин ачты. Жаш ишкер менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешип кайтты.

«Үйдө кичүү бала болгон соң ата-энемден алыска кетпей, үйдөн эле бир иш баштоону чечтим. Ошентип тигүү цехин ачууну ойлонуштуруп калдым. Учурда биздин цехте 5 тигүүчү иштейт жана 3 адам үйүнөн тигет. Ошентип, айылда 8 кишиге жумуш ордун түзүп, ата-энеме да кошумча каражат таап бере баштадым», - деди ал.

Учурда Нарын мамлекеттик университетинде 3-курста окуп жаткан Турсунбек иштин башында кыйынчылыктар болуп, бир топ чыгым тартканын кошумчалады.

«Товарды алыскы аймактан Бишкек шаарына алып келип, өткөрүү кыйынга турду. Айрыкча тигилген кийимдерден кемчилик чыкса, анда 2 эсеге көп чыгым алып келчү. Азыр иштин көзүн таап, тажрыйбалуу болуп калдык. Жети өлчөп, бир кес деген накыл кеп бизге таандык», - деп кошумчалады жаш ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×