Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 29.08.2016 10:38

Айыл турмушу: Кочкорлук Урматбек Германиядан устачылыктын сырларын үйрөнүп келүүгө камданууда (фото)

Turmush -  Немис тилин үйрөнүп жаткан Орозобек уулу Урматбек Германиядан устачылыктын сырларын үйрөнүп келүүгө камданууда.

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында төрөлгөн 23 жаштагы Урматбек очок жасап, устачылык өнөрдү аркалап келе жатканына 5 жылдын жүзү болду. Анын бул иши менен аймактык кабарчы таанышып кайтты.

«Устачылык менен алектенгениме 5 жыл болуп калды. Очоктун ромашка деген түрүн жасайм. Кызмат акы 4 миң сомдон 5 миң сомго чейин барат. Очок жасаганды атайын үйрөнүп, ага өзүмдүн ыкмамды кошуу менен жакшыртып койгом. Устачылыкта өзгөчө сыр деле жок, болгону сапаттуу ыкма колдоном жана түз койгонго, кооз жасаганга аракет кылам.

Атам дагы мыкты уста. Ал көбүнчө үй курат. Очок жасоону атамдан бир-эки жолу көрүп үйрөнүп алгам.

Немис тилин жакшы үйрөнүп, Германиядан курулуш иштерин мыкты өздөштүрүп келүү менен кыргыз элине кооз үйлөрдү куруп бергим келет», - дейт ал.

Урматбек жогорку окуу жайга мектепти аяктаганына 5 жыл болгондон кийин тапшырган. Учурда Бишкек гуманитардык университетинде лингвист адистиги боюнча 2-курста билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×