Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 14.10.2016 09:28

Айыл турмушу: Кочкорлук ишкер 25 гектар жерге өрүк отургузду (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну Болот Асанбеков 25 гектар жерге 4 миң түп өрүк отургузду. Ошондой эле, Кум-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Булуң айылына өрүк өстүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

кочордогу орукзар (5)

Ал алгач адистерден кеңеш алып, жердин кыртышын, климаттык шартын изилдетип чыккан. Быйыл отургузулган 4 миң түп өрүктүн көчөттөрүн унаа менен суу ташып сугарган.

«Азыр көчөттөр 70 см бийиктикке жетти. Алгачкы түшүмдү 2018-жылы бере баштайт. Бул жердин 60 га жерине кийинки жылы да өрүктүн көчөттөрү отургузулат. Келечекте өрүкзар кылуу максатым бар», - деди ишкер Б.Асанбеков.

Келечектеги өрүкзарда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов да болуп, ишкердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып кайткан.

кочордогу орукзар (1)

кочордогу орукзар (2)

кочордогу орукзар (3)

кочордогу орукзар (4)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×