Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 05.01.2017 16:00

Кочкорлук 11 жаштагы Кайрат балдар арасында «Мыкты режиссёр» аталды

Turmush -  Кочкор районунун 11 жаштагы тургуну балдар жана өспүрүмдөрдүн «Карек» республикалык  кинофестивалында «Мыкты режиссёр» наамына ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Аблес уулу Алайдар орто мектебинин директору Замир Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, республикада өспүрүмдөр арасында биринчи жолу уюштурулган кинофестивалда Уланбек уулу Кайраттын «Жылдын эң жалгыз күнү» көркөм тасмасы көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында Кайрат «Мыкты режиссёр» аталып, 20 миң сомдук фотоаппарат жана диплом тапшырылган.

Ошондой эле, Кайратка кыска метраждуу тасма тартуу үчүн режиссер Сүйүн Откеев 70 миң сомдук техникалык колдоо көрсөтүүчү сертификат тапшырды.

Фестивалда 6-17 жаштагы таланттуу балдардын эмгектери сынга коюлду.

Кайрат

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×