Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 21.01.2017 10:34

Кочкордо билим сапаты 3%га төмөндөдү

Turmush -  Кочкор районунда окуучулардын билим сапаты 3%га төмөндөдү. Бул тууралуу кечээ, 20-январда райондо өткөн жылдык коллегияда акимдин орун басары Элмира Садыкова билдирди.

2016-жылга карата район боюнча билим сапаты 54%ды түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылы 57%ды түзгөн.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов бул маселеге тийиштүү көңүл буруу керектигин айтты. «Өкмөт мектептерди куруп, оңдоп берүүдө. Бирок, айрым мектептерде билимдин сапаты жогорулагандын ордуна төмөндөп жатат. Жетиштүү иш аткарбаган жетекчилерге чара көрүү керек. Ар биринин ишмердигин текшерип, бул маселени жоюу зарыл», - деди ал.

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 20-январга караган түнү Кочкор айылында окуучулар мушташып, 1 окуучу каза болду. Ошондой эле, экинчи окуучу оор абалда ооруканага түшкөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×