Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 26.01.2017 08:53 На русском

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчылыгына У.Алсеитов шайланды

Turmush -  Кочкор районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчылыгына Улан Алсеитов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шайлоо кечээ, 25-январда өттү. Аталган кызматка Улан Алсеитов менен Бакытбек Муталип уулу ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгында 11 добуш алган Улан Алсеитов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Улан Алсеитов 1985-жылы туулган. Нарын мамлекеттик университетинин бүтүргөн. Буга чейин айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткарып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×