Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 02.02.2017 11:53

Кочкордогу Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы 14-февралда шайланат

Turmush -  Кочкор районундагы Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы 14-февралда шайланат.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, буга чейинки шайлоого 5 талапкер катышкан. Бирок, 1-2-турда талапкерлердин бири да жетиштүү добуш топтогон эмес.

Алдыдагы шайлоого башка талапкерлер катышат. Эгерде бул жолу да айылдык кеңеш айыл өкмөт башчыны шайлай албаса, анда президенттин буйругу менен таратылат.

Учурда аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо иштерин улантып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×