Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 13.02.2017 10:02

Кочкордогу Ш.Рысмендеев атындагы мектепте окуучулар 5 нөөмөт менен окуп калышы мүмкүн

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебиндеги окуучулар 5 нөөмөт менен окуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектептин жамааты маалымдады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта 240 орундуу мектепте 633 бала окуп жатат. 20-22 балага ылайыкташкан класстарга 30-35 бала батат. Учурда окуучулар 3 нөөмөт менен билим алууда. Эртең менен окугандар таңкы саат 7:30га сабакка келишет. Ал эми үчүнчү нөөмөттүн сабагы 18:00дө аяктайт. Мындан улам алыстагы окуучуларга кыйынчылыктар жаралууда.

Мектепте 1-4-класстар үчүн ысык тамак да берилбейт. Кошумча ийримдер үчүн класстар жок болгондуктан мугалимдер балдарды үйлөрүндө окутушат. Эми мектептер 5 күндүк окуу планына өткөндүктөн бул мектеп 5 нөөмөт менен билим берүүгө мажбур болууда.

2002-жылы ишке кирген мектепте 45 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×