Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 29.03.2017 13:58

Айыл турмушу: Кочкорлук А.Сагынбековдун 107 миң сомдук уйу күнүгө 20 литрден сүт берет (фото)

Turmush -  Кочкор айылынын тургуну Акылбек Сагынбеков 107 миң сомдук уйларды багат. Бул тууралуу өзү Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор районуна болгон иш сапарынын алкагында А.Сагынбековдун мал чарбасы менен таанышты. Анда маалым болгондой, англер тукумундагы уйларды баккан А.Сагынбековдун үй-бүлөсү күнүнө бир уйдан 20 литр өлчөмүндө сүт алат. Кышкысын 1 литр сүттү 20 сомдон, ал эми жайкысын 15 сомдон баалап сатат.

Учурда бул үй-бүлө ушул тукумдагы онго жакын уйду багып өстүрүүдө.

«Сүт багытындагы уйларды багышыбыз керек. Биздин кыргыз уйлар мынчалык өлчөмдө сүт бере албайт. Ал уйларды багууда да көп чыгым кетет. Ошондуктан дагы мүмкүнчүлүктөр болсо англер тукумундагы уйларды алып келишибиз керек», - деди А.Кайыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×