Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 11.04.2017 08:28

Кочкорлук 17 жаштагы балбан кыз Айдана Нарындагы турнирде 1-орунду ээледи

Turmush -  Кочкорлук 17 жаштагы балбан кыз Сагыналы кызы Айдана Нарында өткөн турнирде жеңүүчү болду. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы Б.Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарында спорт чебери Алтынбек Осмоналиевдин жаркын элесине арналган кыздар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кочкор районунан барган Сагыналы кызы Айдана 56 кг салмакта атаандаштарын жеңген. Жыйынтыгында 1-орунду багындырды. Ага медаль жана 1-даражадагы диплом, баалуу белек тапшырылып, Кыргызстандын биринчилигине катышууга укук берилди.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×