Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордун таланттуу апалары өнөрлөрүн түрк элине тартуулап жатышат (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы «Насаатчы айымдар» фольклордук тобу Түркияда өтө турган фестивалга катышуу үчүн учуп кетишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган топтун мүчөсү Дилара Мырзакматова кабарлады.

Анын айтымында, «Насаатчы айымдар» тобу «Мезгил, тагдыр, жашоо» уюмунун жетекчиси Мира Токтогонованын чакыруусу менен 27-июлдан 5-июлга чейин Түркияда өтүүчү фестивалга катышат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, «Насаатчы айымдар» тобун «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээси Айшакан Кадырова жана Сакен Матсаева уюштурушкан.

«Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинин «Ак куу» бийчилер тобу да биз менен чогуу өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Бул фестивалдан кийин Түркиянын Сиврихисар жана Ирандын Тегеран шаарына концерт коёбуз», - деди Д.Мырзакматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу