Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кош-дөбөлүк жаштар айылдын көчөлөрүн жарыктандырышты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кош-дөбө айылынын жаштары айылдын көчөлөрүн 350 миң сомго жарыктандырып, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Алымбай Асымов билдирди.

Анын айтымында, жаштардын демилгеси менен чогулган акчага айылды жарыктандыруу иштери жүрүп, ага айыл өкмөтү көмөктөшүп жатат. Айылга жалпы 3 чакырым жерге 58 даана тирөөч орнотулуп, ага жарык берүүчү жабдуулар тагылды.

«Эми дагы 80 тирөөч орнотулат. Бир карагайдын баасы 6 миң сомду түзүүдө. Айылды жарыктандыруу жана көрктөндүрүү жеке эле айыл өкмөттүн иши эмес. Туулган жер үчүн жаштар ар тараптан колдоо көрсөтүп, кызмат кылышыбыз керек», - деди А.Асымов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу