Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Ормон хандын урпактары анын мүрзөсүн издеп жатышат (фото)

Turmush -  Ормон хандын Кочкор районундагы урпактары анын мүрзөсүн издеп жатышат. Бул тууралуу айыл тургуну Чертки Оттукташов билдирди.

Анын айтымында, Ормон хандын урпактары Ысык-Көл облусунун Семеновка айылындагы Кырчын жайлоосуна барып, анын арбагына багыштап куран окутушкан.

«Кырчын жайлоосу Ормондун сөөгүн майрам сууга алган жер. Жайлоонун күн чыгыш тарабында Ормон дөбө, Ормон кыя деген жерлер бар. Демек, Ормон хандын күмбөзү Кырчында болушу ыктымал», - дейт ал.

Ормон Ниязбек уулу - XIX-кылымдын ортосунда өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттенген кыргыздын белгилүү саясий ишмери.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2341
Көп окулду
×