Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Семиз-Бел айылындагы бала бакчага 10 миң долларлык оюн аянты курулду (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл аймагына караштуу «Куруучу» бала бакчасындагы жаңы курулган оюн аянтынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, балдар ойноочу аянттын ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондун аймагындагы бала бакчалардын жетекчилери жана балдардын ата-энелери катышты.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Гүлнара Кыдырмаеванын айтымында, бала бакчанын эмгек жамааты тарабынан Түштүк Кореянын ГАМСУМО уюмуна долбоор жазылган. Анын натыйжасында 10 миң доллар бөлүнүп, балдардын ойноочу аянты курулган.

Учурда «Куруучу» бала бакчасында үч тайпа бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 860
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×