Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо 7 күн жана 7 түн бою «Манас» эпосунан үзүндү айтылат (видео, фото)

Turmush -  Кочкор районунда залкар манасчы Сагы­нбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы­на белгилүү манасчы, филология илимдери­нин кандидаты Талант­аалы Бакчиев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара август айында өтүп, анда белгилүү манасчылар 7 күн жана 7 түн бою тынбай Кочкор рай­онуна караштуу Кош-Д­өбө айыл аймагындагы манасчы Сагы­нбай Орозбак уулунун күмбөзүнүн жанында «Манас» эпосунан үзүндү айтышат.

Жакында залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

 Жазма булактарда Сагынбай Орозбак уу­лу 1867-жылы Ысык-Кө­лдүн күңгөйүндө Кабы­рга деген жерде төрө­лгөн. Теги жумгалдык саяк уруусунун мойнок уругунан. Атасы Орозбак өз мезгилинин мыкты чоорчу-сурнайчыларынан болгон. Орозбактын сурнай тарткандыгы 1847-жылы болгон кыргыз-казак согушунда эскерилет. Орозбактын өз аты - Акеше. Атың начар экен деп, Орозбактын ысымын Ормон хан койгон. Сагымбай 12-13 жашка келгенде Орозбак 80 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын эки уул, эки кызы болгон. Сагымбайдын улуу агасы Алишер дагы манасчы болгон. Экөөбүз жол талашсак болбойт деп, агасы манасчылыкты токтотуп, Сагымбайга жол берген.

Сагымбай айылына келген белгилүү манасчы Чоңбаштан «Манас» эпосунан үзүндү айтканды ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракетте­нген. Андан соң, Келд­ибек,Тыныбек, Чоңбаш, Акылбек өңдүү мана­счылардан да таалим алган.

1922-жылы Сагынб­айдын оозунан 183 миң 578 сап ырдан турган «Манас» эпосу жазылып калган.

Сагынбай Орозбак уулу өзүн Семетейчимин деп айтканын анын заманда­штары айтып кетишкен. Ал Манаска караган­да «Семетей» эпосунан үзүндүнү мыкты айткан. Тилекке каршы залкар манасчыдан «Семетей», «Сейтек» эпостору жазылбай кал­ган.

Сагынбай Орозбак­ов 1930-жылы узак оо­рудан кайтыш болуп, сөөгү Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусун­да коюлуп, коргон тургузулган. 1992-жылы манасчынын 125 жылд­ык маарекеси өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×