Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Кочкорлук М.Талантбеков 4 тилде ырдап, эл аралык сынактарда байгелүү кайткан (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон хан айылынын 24 жаштагы тургуну Марат Талантбеков чет элдик чыгармаларды жандуу үн менен аткарып, эл ичине таанымал болгон. Ал эл аралык фестивалдардан 1-орунду багындырып, кадыр-барк табууга да жетишти. Таланттуу ырчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Мараттын музыкага болгон кызыгуусу мектеп жашында эле башталган. Ал Ормон хан айылындагы С.Орозбаков атындагы орто мектебинин 9-классын аяктап, Бишкек шаарындагы музыкалык колледжде билимин уланткан. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эстрада бөлүмүнүн 4-курсун аяктады.

Апасы Камунахан Карабекова 58 жашта, учурунда башкы эсепчи кызматын аркалап пенсияга чыкса, атасы Талантбек Күрүчбеков ветеринар адистиги боюнча иштеп пенсияга чыккан. Ал учурда 60 жашта.

«4 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Үйдө таланттуу деле адам жок, таенем мурда ырдачу экен, анын улуту казак болгон. Ыр жазып, обон чыгарбайм. Мурун "Залкар" тобунда ырдап келдим. Ал топту 1-курста окуп жүргөндө 4 бала болуп түзгөнбүз. Сахнага алгачкы ирет мындан 4 жыл мурун Кыргыз улуттук консерваторияда жана Нооруз майрамында борбордук аянтта ырдап чыккам.

Жан дүйнөм эле чыгармачылыкка түрткү болуп, бул тармакка аралашып калдым. Ырчылык — бул менин жан дүйнөм, жашоом. Жакында эле, ырчы Өмүрбек Андарбеков менен иштешип баштадым. Эми өзүмдүн аткаруумдагы чыгармаларым чыга баштайт. Буюрса алдыда чоң-чоң сынактарга катышып, Кыргызстандын желегин желбиретем деген ой-максаттарым бар», - деди М.Талантбеков.

Марат учурда казак, орус, француз жана италян тилдеринде ырдап келет. Ал жакынкы күндөрү аскер институтуна сабак берип баштайт.

«Учурда өз алдымча ырдап, жеке чыгармачылыгым менен алектенип, устаттардан сабак алып жатам. Мындан тышкары, "Залкар" тобундагы балдар менен кызматташып турам», - деди ал.

М.Талантбеков 2016-жылы Казакстанда өткөн фестивалда ырдап, 1-орунду алган. Андан мурда ушул эле өлкөнүн Шымкент шаарында казактын белгилүү композитору Шамшы Калдаяковдун ырларын аткаруу боюнча сынактын дипломаты болууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1962
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
17:38, 05 июля 2017
Молодцы
аватар
zazu
15:56, 05 июля 2017
)
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×