Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордо КСДПнын XVI съездине баруучу делегаттар шайланды (фото)

Turmush -  Нарындын Кочкор районунда КСДП партиясынын XVI съездине баруучу делегаттар шайланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган партиянын райондук конференциясына партиянын райондогу координатору Жээнбек Алыкулов, Кочкор коомунун өкүлү Майрамбек Садабаев, КСДПнын айылдардагы координаторлору жана активдүү мүчөлөрү катышты. Иш-чаранын башында Жээнбек Алыкулов партиянын буга чейинки аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Андан соң, КСДПнын XVI съездине баруучу делегаттар шайланды.

Кочкор районунан XVI съездге баруучу делегаттардын тизмеси:

- Партиянын Кочкор районундагы координатору Жээнбек Алыкулов;

- Кош-Дөбө айыл аймагындагы координатору Майрамбек Деркенбаев;

- Туз айылындагы координатору Аблабек Үсөналиев;

- Кара-Тоо айылындагы координатору Жеңиш Алыбаев;

- Кызыл-Дөбө айылындагы координатору Кыштообек Сайбылдаев.

Конференциянын жыйынтыгында партиянын мындан ары жүргүзө турган иш пландары талкууланып, көтөрүлгөн маселелер боюнча токтом кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 660
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу