Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордун айылдарында түзүлгөн «Шайыр апалар» тобу элге өнөрлөрүн тартуулап жатышат (фото)

Turmush -  Кочкор районунда айылдык клубдардын «Шайыр апалар» тобунун концерти өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор райондук Жыргал Абдыкалыков атындагы маданият үйүнөн билдиришти.

Райондук маданият үйүнүн директору Асанбек Бейшекеевдин айтымында, Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында райондун бардык айылдарындагы клубдардын кызматкерлерине «Шайыр апалар» тобун түзүү жана концерт уюштуруу тапшырмасы берилген. Бул жолу шайыр апалардын концерти Кош-Дөбө айыл аймагындагы Зайнидин Иманалиев атындагы маданият үйүндө өтүп, Кара-Күңгөй айылынын «Энелер шаңы» тобу өз өнөрлөрүн тартуулады. Ошондой эле, алар өздөрүнүн жасаган буюмдарын да көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1112
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу