Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо малга кол салган карышкырдын дөбөтү атылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун мергенчилери малга кол салган карышкырдын дөбөтүн атып өлтүрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор райондук мергенчилер жана балыкчылар коомунун егери Таалай Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, карышкыр атуу боюнча уюшулган топ Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Бороон-Төр жайлоосундагы Кызыл-Коргулга ууга чыгышкан. Азыркы учурда дагы 12 бөлтүрүк, бир дөбөт карышкыр ургаачысы менен аңдууга алынууда.  Бөлтүрүктөрдүн жайгашкан жери аныкталып, жакын арада жок кылынат.

Карышкырлар Кош-Дөбө айыл аймагында 50 кулун, топоздун 48 мамалагын, 30 койду жеп, малчыларга бир катар зыяндарды алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×