Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкор районунда жер алдындагы шаарды казуу иштери уланып жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында Суяб шаарын казуу иштери уланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тарыхчы Кайырбек Коңурбаев билдирди.

Анын айтымында, казуу иштеринин натыйжасында ал жерде сарай өңдөнгөн чоң шаар пайда болуп келе жатат. Азыркы тапта бул аймактан куралдар, буюмдар, жер астында 1 миң жылдан ашык жаткан өзгөчө кыштар, байыркы доорго тиешелүү сөөк, артефакт жана петроглифтер табылууда.

«Илимпоздордун аныктамасы боюнча, бул жерден Кочкор-Башы шаарынын калдыктары табылып жатат. Бышкан кыштан салынган орто кылымдын 2 шаарынын калдыктары Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбөнүн аймагында гана бар. Бурана, Манастын күмбөзү, Өзгөн мавзолей комплекси жана Таластагы Зулпукордун күмбөзү Кыргызстанда бышкан кыштан салынган эстеликтер. Быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата чоң ачылыш болгону турат. Учурда казуу иштери улантылууда. Дагы 3 метр тереңдиктеги казуудан кийин шаардын аныгы билинет», - деди Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1172
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×