Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Таласта мейман үйлөрүн ачууга кызыккандар Кочкордогу мейманканалар менен таанышты (фото)

Turmush -  Талас облусунда мейман үйлөрүн ачууга кызыккандар Кочкор районундагы тургундардын мейман үйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Эл аралык коомдук фонддун биринин кызматкери Роза Кайыкованын билдиргенине караганда, Талас жергесинде туризмди өнүктүрүү, мейман үйлөрүн ачуу маселелери көтөрүлүп, тургундар аталган фондго кайрылышкан.

«Таласта мейман үйлөрүн ачуу — бул облустун өнүгүүсүнүн бир багыты» конференция өткөрүлгөн. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышып, Манас, Чолпонбай Түлөбердиев, Чыңгыз Айтматов чыккан жерде туризмди өнүктүрүү жана мейман үйлөрүн ачуу маселеси көтөрүлгөн. Таласка иш сапар менен барганда да түнөй турган конок үйү жок экендиги айтылды. Мындан улам мейман үйүн ачууну каалагандарга Кочкорго атайын иш сапар уюштурулду. Белгилей кетсек, Кочкордо мейман үйлөр 20 жылдан бери кызмат көрсөтүп келет», - деди Р.Кайыкова.

Кочкор районунда бир мейман үй бир күндө 24-30га чейинки кишини кабыл алат. Азыркы тапта райондо жалпы 30га жакын мейман үй иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×