Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо муктаждарга кийим-кече чогултуу жайы ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында кийимге муктаждар үчүн атайын бурч ачылды. Бул тууралуу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Баатырбек Абдымамытов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, социалдык өнүгүү башкармалыгында «Муктаж болсоң ал» аттуу бурч ачылган. Бул жерден колунда жок адамдар өзүнө керектүү кийим-кечелерди алып кете алышат.
«Каалоочулар үйүндөгү жарактуу кийилбей калган кийим-кечелерин бул бурчка өткөрүшөт. Ал эми, райондогу социалдык жардамга муктаж адамдар өзүнө ылайыктуу кийим-кечелерди тандап алып кете алышат», - деди ал.

Андан сырткары, кароосуз калган адамдарга түштө бир маал ысык тамак берип туруу жагы райондун борборундагы ашканаларга милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1284
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×