Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо казылып жаткан жер алдындагы шаардын түбү көрүндү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы Кочкор-Башы шаарынын полу 6 метр тереңдиктен чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тарыхчы Кайырбек Коңурбаев билдирди.

Анын айтымында, Кум-Дөбө айылындагы жер алдында калган шаарды казуу иштери улантылып жатат. Казуу учурунда куралдар, буюмдар жер астында 1 миң жылдан ашык жаткан өзгөчө кыштар, байыркы доорго тиешелүү сөөк, артефакт жана петроглифтер табылган.

«Ыйман, адеп жана маданият жылына карата чоң ачылыш болгону турат. Учурда казуу иштери улантылып, ал Түркия мамлекетинин түрк кызматташтык жана координациялык ТИКА агенттиги жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин кызматташтыгында ишке ашырылууда. Жакынкы күндөрү археолог жана тарыхчылар менен бирге жер алдында эмне жатканы аныкталат», - деди К.Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×