Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Ак-Кыя айылына 1,8 млн сомго айыл чарба техникасы алынды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагына эл аралык уюмдун жардамы менен «Тазалык — саламаттыктын кепилдиги» долбоору аркылуу 1,8 млн сомго айыл чарба техникасы алынды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул долбоор Нарын жана Ысык-Көл облустарында 14 социалдык долбоорлорду ишке ашырууну колго алган. Долбоордун жалпы бюджети 2 млн 114 миң 400 сом. Анын 1 млн 814 миң 400 сомун эл аралык уюм каржылаган.

Андан тышкары, айыл аймактык чарбалык мекемесине 2 компьютер, мекеменин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кеңешчи адистин жумушун каржылоо үчүн 300 миң сом тапшырылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1719
Көп окулду
×