Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордо бала эмизүүчү бөлмөлөр ачылды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда коомдук жайларда эмчек эмизүүчү бөлмөлөр ачылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор аймактык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Калиман Артыкбаева кабарлады.

Анын айтымында, аталган ооруканада эмчек эмизүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү боюнча жумалык өткөрүлгөн.

«Азыркы учурда райондун борборундагы автобекетте, 1 чоң соода борборунда эмчек эмизүү бөлүмдөрү ачылды. Жаш балалуу энелер мындан ары аталган жайларга кирип, балдарын эмизүүгө болот. Мындай бөлмөлөрдү дагы көбөйтөбүз», - деди К.Артыкбаева.

Кочкор аймактык ооруканасы 2008-жылы «Балага мээримдүүлүк кылган оорукана» деген макам алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу