Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкор-Башы шаары Улуу жибек жолунун таманындагы маанилүү калаа болгон, - тарыхчы Т.Чоротегин (фото)

Turmush -  Кочкор өрөөнүндө Х кылымдын башында болгон топон суу алааматынын болжолдуу космостон тартылган сүрөтү жарыяланды. Маалым болгондой, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагында жер алдындагы шаардын учурда дубалы толук көрүнүп, түбү пайда болгон.

Жергиликтүү тарыхчы Кайырбек Коңурбаев бул жай Кочкор-Башы же Баласагын шаары экенин аныктоо үчүн археологиялык изилдөөлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ал эми, тарых изилдөөчү Тынчтыкбек Чоротегин Кочкор өрөөнүндө жер алдындагы Баласагын эмес Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) шаары экенин айтууда.

«Кочкор-Башы шаары сиздер көрүп турган Кочкордогу Кум-Дөбө. Махмуд Кашгари-Барскани бабабыз чийген картада Баласагын Чүй өрөөнүндө, Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) Кочкор өрөөнүндө, Барскан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Бул 1072-1077-жылдары чийилген картада турат. Жергиликтүү тарыхчы Кайырбек Коңурбаевге биз баалуу эстелик жайды көрүп калууга кошкон зор салымы үчүн абдан ыраазыбыз. Бирок, Баласагын шаарын Чүй өрөөнүндөгү Бурана шаар чалдыбарынын ордунда болчу деп тастыктай алам. Кочкор-Башы шаары Кочкор өрөөнүндөгү дал ушул Кум-Дөбө жергесинде болгон. Ыраматылык А.Н.Бернштам жаңылыштык кылып, Ак-Талаа өрөөнүндөгү Шырдакбектин күмбөзү менен Кочңар-Башы шаарын чаташтырып, ал түгүл Кочкор-Башы дебестен топонимди Каджангар-Башы деп ката окуган. Кочкор-Башы шаары да Улуу жибек жолунун таманындагы маанилүү калаа болгон. Махмуд Кашгари-Барсканинин картасында да Кочкор-Башы Баласагын шаарынын түштүгүндө жайгашып, аларды азыркы Кыргыз кырка тоосу бөлүп турат.

"Дивандын" текстинде да Баласагын менен Кочкор-Башынын ортосун Занби-Арт ашуусу бөлүп турат деп айтылат. Бул ашуу азыркы Шамшы-Арт экенин ыраматылык арабист Өмүркул Караев тастыктаган.

Кочкор-Башыдан андан ары түштүккө барсаңыз, бир чоң тоо кыркасынан кийин Кашкар шаарына жетесиз. Бул да Махмуд Кашгаринин картасында даана көрсөтүлүп турат. Андан тышкары Махмуд Кашгари жазган "Диванда" Торугарт-Түз (Торук арт тюз) деген ашуу бар. Бул — азыркы Торугарт. Махмуд Кашгари Бедел (Бедел-Арт) ашуусун да эскерет. Демек, Махмуд Кашгари бабабыз жалпы чыгыш-батыш Теңир-Тоодогу жер өңүтүн мыкты билген жана Кочкор-Башы шаарын эч жаңылбай эле Кочкор өрөөнүндө жайгаштырган», - деди Т.Чоротегин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу