Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкорлук жигит чүкө оюнун чет өлкөлөргө жайылтууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда чүкө оюнун чет өлкөлүктөргө жайылтуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кызыл-Дөбө айылындагы мектептин математика сабагынын мугалими Максатбек Жакыпбеков билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Дөбө айылына келген Лютер аттуу ыктыярчы кыз менен чүкө оюнун Европага жайылтуу максатын көздөп, ал оюндун эрежесин англис тилине которушкан.

«Алгач чүкөлөрдү тазалап чыгабыз. Апам Нурзия Кемелова чүкө салган тулупту ак кийизден жасап берет. Ага 15 даанадан чүкө жана англис тилинде жазылган колдонуу эрежеси салынып, сатыкка чыгарылат. Бир тулуп 800 сомдон сатылат. Интернетте 15 доллардан деп баа коюлган. Буга чейин “Нью-Йоркто чүкө ойноло баштады” деген маалыматтар жарыяланган. Ошонун негизинде идея пайда болду. Максатыбыз — улуттук чүкө оюнун чет өлкөгө жайылтуу болуп эсептелет», - деди М.Жакыпбеков.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу