Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордун борборунда арыктар тазаланбай, базарды суу каптап жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун борборунда арыктар тазаланбай, анда толуп калган суулар базарды каптап жатат.

Жергиликтүү тургун Марат Жакыповдун айтымында, айыл өкмөтүнө тиешелүү арыктар убагында каралбагандыктан жыл сайын ушундай көйгөйлөр жаралып келет.

«Айыл өкмөттүн карамагындагы борбордук бөлүктөгү арыктар кароосуз калды. Айрым арыктар такыр эле жоголуп, кыскарып калган. Айрым арыктар тазаланбагандыктан суу толуп, көчөгө ашып жатат. Борбордук базардын ичин дагы суу каптап кетет. Бул көйгөйдү көзөмөлдөгөн киши жок», - деди М.Жакыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу