Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Кочкордун борбордук паркындагы 12 түп бак негизсиз кыйылды, - элдик көзөмөл уюму (видео, фото)

Turmush -  Кочкордун борборундагы «Сейил» гүл бакчасында өсүп турган бактар негизсиз кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Коррупцияга каршы элдик көзөмөл уюмунун Нарын облустук координатору Абдымажит Чолпонкадыров билдирген.

Анын айтымында, 13-августта парктын ичиндеги жашыл болуп өсүп турган 12 түп кара бакты кыркып салышкан. Парктын директорунун айтымында, аны кыркууга айыл өкмөт тарабынан уруксат берилген.

«Өсүп турган бакты кырктырууга Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын уруксат берүүгө укугу жок эле. Бул чечим өзүм билемдик менен мамиле кылганы», - деди А.Чолпонкадыров. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1746
Көп окулду
×