Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр кармалды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда «Өспүрүм түн» жана «Кайырчы» операциялары өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, аталган операцияга РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 6 аймактык тескөөчүлөрү жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү катышты. Алар түнкү саат 23:50 чамасында көчөдө ата-энесинин көзөмөлү жок жүргөн өспүрүмдөрдү бөлүмгө жеткирип, ата-энелерге жана балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан соң өспүрүм балдар ата-энелерине тапшырылды.

«Өспүрүм түн» жана «Кайырчы» операциялары өспүрүмдөрдүн түнкүсүн ар кандай кылмыш иштерге аралашуусун алдын алуу максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×