Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Кочкор районунда 6 мектеп авариялык абалда турат

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунда 6 мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунан Сейтек Кошалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы орто мектеп, Ара-Көл айылындагы Ара-Көл орто мектеби, Ак-Талаа айылындагы А.Абдыкеримов атындагы орто мектеп, Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектеп, Арсы айылындагы Арсы орто мектеби жана Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектеби авариялык абалда турат. Мунун ичинен бирөөнө кошумча корпус, калгандарына жаңы мектеп куруу каралган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1733
Көп окулду
×