Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

«Мекендештер»: Россияда иштеген нарындык Асылкан ашпозчулуктун сырларын үйрөндү (фото)

Turmush -  8 жылдан бери Россияда эмгектенип келген Эсентур кызы Асылкан учурда ашпозчу болуп иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал 1991-жылы 22-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылында туулган.

«Мен Москвага 2009-жылы келдим. Бул жерге келгенден тарта бир топ жумуштарда иштедим. Россияда иштөө мага оорчулук деле келтирген жок, себеби апам жана агам мурунтан ошол жакта иштеп, отурукташып калышкан. Учурда Москва шаарында жайгашкан кафелердин биринде кассир жана ашпозчу да болуп эмгектенем. Иш оор болгону менен кызыктуу. Бизде жумуш убактыбыз 12-13 саатты түзөт. Алган айлыгым кудайга шүгүр. Биздин кафеден көп тамак-аштын түрүн жасаганды үйрөндүм.

Апамдар көп жылдан бери бул жакта болгондуктан баарыбыз Россиянын жарандыгын алганбыз», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын экинчиси.

«Атабыз каза болуп калган. Атамдын ордуна ата болуп, бизди жөлөп-таяган жалгыз агам бар. Өзүм турмушка чыга элекмин, бирок сүйлөшкөн жигитим бар. Кудай буюрса, жакында тоюбуз болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 604
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу