Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Нарын

Кочкор районунун энциклопедиясы жарык көрдү

Turmush -  Нарындагы Кочкор районунун энциклопедиясы жарыкка чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, бул эмгек Кыргызстан Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү Молдобек Ирсалиев тарабынан түзүлгөн.

Китепте эл ичинен чыккан көрүнүктүү инсандарга, ардактуу жарандарга басым жасалып, райондун тарыхы, маданияты, экономикасы тууралуу да маалыматтар камтылган.        

Билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын жана айыл чарбанын отличниги М.Ирсалиев буга чейин «Азык байыркы уруу», «Эл баатыры Таштанбек», «Алтын доордун асыл адамдары» китептерин чыгарган. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1408
Көп окулду
×