Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкор районунда 40 млн сомго жаңы касапкана ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор айылында заманбап касапкана ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов кабарлады.

Маалым болгондой, ачылышка өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, ЮСАИД уюмунун өкүлү Луис Фернандес, ЮСАИДдин «Агро горизонт» программасынын жетекчиси Агнес Луз, Экономика министрлигинин өкүлү Алмаз Кайырбеков, ишканалардын жетекчилери, ишкерлер катышты. Кочкор районунун акими Нурлан Керимкуловдун билдиргенине караганда, аталган ишкананы ачууга 40 миллион сомдук инвестиция тартылып, анын 35 пайызына «Агро горизонт» долбоору техникалык жабдууларды алып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×