Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкор районунда кошмо жыйындын төрагасы шайланды (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасы шайланды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыйын өттү. Анда кошмо жыйынды уюштуруу маселеси каралып, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын президиумунун төрагалыгына бир жылдык мөөнөт менен Таалай Курткаев шайланды.

Жыйындын соңунда Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов шайланган төраганы жаңы орду менен куттуктап, айылдык кеңештин депутаттарын ынтымакта иштеп, райондун жүгүн чогуу тартууга үндөдү.

Таалай Курткаев мурдагы чакырылышта да кошмо жыйындын төрагасы болуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1256
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×