Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кочкордо агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды (фото)

Turmush -  Кочкордогу айыл өкмөттөрдөгү агроном жана ветеринарларга велосипед тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга БУУнун Азык-түлүк программасынын Кочкор райондук пилоттук долбоорунун инженери Насир Абдылдаев билдирди.

Маалым болгондой, социалдык өнүктүрүүнүн кошумча жигердүү чараларын киргизүү боюнча Кочкор районундагы пилоттук долбоордун алкагында аталган программа тарабынан Кочкордун айыл аймактарында бирден агроном жана ветеринар адистери кызматка алынды. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашылча-жемиш, кылкандуу дан өсүмдүктөрдү, жылдык тоют чөптөрдү өстүрүү агротехнологиясы жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, чарбасындагы мал жандыктарды багуу, алардын ооруларын алдын алуу боюнча тренингдерди өткөрүп, практикалык жардамдарды көрсөтүүдө.

Адистердин ишинин натыйжасын жакшыртуу максатында офистик оргтехника жана тийиштүү маалыматтар менен камсыз болушту. Айыл аймактарды толук камтуу максатында ар бир айыл өкмөттө иштеген адистерге жана Ж.Тойгомбаев атындагы №15 лицейге баасы 9 миң 800 сом турган 12 велосипедди райондук социалдык өнүгүү башкармалыгын жетекчиси Батырбек Абдымамытов жана долбоордун инженери Насир Абдылдаевдер тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу