Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 08.11.2017 14:20

Кочкордун мушкерлери Таластагы эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун мушкерлери Талас шаарында өткөн эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына СССР спортунун чебери, машыктыруучу Жаныбек Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, Талас шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышты. Курч мүнөздө өткөн мелдеште Кочкордун Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Э.Жангазиев, Нурбек уулу Бекжан биринчи орунду алышса, Н.Абдуманапов экинчи орунду ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×