Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кара-күңгөйлүктөр бала бакча ачып, марафон өткөрүштү (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы «Аруузат» бала бакчасында марафон өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 26-ноябрда бала бакчанын ачылышына карата Кара-Күңгөй айылындагы Зайнидин Иманалиев атындагы маданият үйүндө марафон өткөрүлдү. Ага Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылынын тургундары катышып, өздөрүнүн салымдарын кошушту. Маалыматка караганда кутучага салынган акча каражат 73 миң сомду түзсө, козу, кой жана башка материалдык каражаттар менен эсептегенде 200 миң сомго жакын каражат чогултулган.

«Аруузат» бала бакчаны Кара-Күңгөй айылынын тургундары өз күчтөрү менен уюштурушкан. Учурда анда 3 тайпа ачылып, тарбиячылар өз күчтөрү менен иштешүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1715
×