Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Фото - Кочкордогу унаа кырсыктан каза болгон бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү тойдон келе жатышкан

Turmush -  Кочкордогу унаа кырсыктан каза болгон бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү Бишкектен тойдон келе жатышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган кырсыктан мерт кеткен 53 жаштагы Мыктыбек Жунусовдун уулу Кубанычбек Жунусов билдирди.

Маалым болгондой, Кубанычбектин үй-бүлөсү атасынын досунун үй тоюнан келе жатып кырсыкка кабылган. Атасынын башкаруусундагы унаада апасы, карындашы жана 7 айлык жээни болгон.

«26-ноябрь күнү саат 14:00гө атамдын досу там тоюна чакырган. Ал жерде 4-5 саат эле отуруп чыгышмак. Акыркы жолу алар менен кечки саат 23:00дөн өткөндө сүйлөшкөм. Апамдын чөнтөк телефонуна чалсам, карындашым алып "жаңы чыктык" деп жооп берген. Андан кийин аларга түнкү саат 1:20дан баштап чалдым. Телефондору өчүк болуп, менин чалуумду алышкан жок. Сарсана болуп, таңкы саат 4:00гө чейин уктай албай чыгып, күйөө балама чалып "атамдын унаасы бузулуп калган жокпу, барып келчи" дедим. Ал жолду карай атамдын унаасын издеп, бир маалда мага чалып "унаалар сүзүшүптүр, бирок биздики эмес экен" деди. Мен да жолго дароо чыктым. Кантка жеткенде күйөө баламдын досу чалып, унаа сууга түшүп кетип, ичиндегилердин баары каза болуптур деди. Барсам атам менен апам унаанын курунан чыга албай калыптыр, карындашым болсо унаадан 50-60 метр аралыктагы суунун жээгине чыгып, 7 айлык кызы менен тоңуп калышыптыр», - деди ал.

Маркум М.Жунусовдун жеңеси Б.Желденованын айтымында, кайын иниси буга чейин жөө жүргүнчүлөрдү ташып, айдоочу болуп эмгектенчү.

«Кайын иним менен абысыным экөө тең өз иним, сиңдимдей эле болуп калышкан. Кайын инимдин негизги кесиби айдоочу, буга чейин жөө жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Абысыным Динара Токтонбаева жаңы контейнер ачып иштете баштаган. Кызыбыз Кундуз Мыктыбекова Нарынга турмушка чыгып, улуу баласы 5 жашта, экинчиси 7 айлык болчу. Кайын иним менен абысыным адам көңүлүн оорутпаган, ишине так, балдарына татыктуу тарбия берип жана намаз окуган үй-бүлөлөрдөн болушчу», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы кечээ, 26-ноябрда Кочкор районунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болгондугун маалымдаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына карганда, кырсык саат 12:20лар чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымындагы көпүрөдө болгон. «Тойота Карина» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, унаа сууга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 4 адам көз жумган. Алар Нарын шаарынын тургундары экени аныкталды. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.

Каза болгондор:

- 1964-жылы туулган Ж.М. (айдоочу);

- 1969-жылы туулган Т.Д. (айдоочунун аялы);

- 1990-жылы туулган М.К. (айдоочунун кызы);

- 2017-жылы туулган Т.К. (айдоочунун небереси). 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22985
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
mikiomka
19:37, 27 ноября 2017
аза карылуу болсун....
Нет аватара
maratkanay
16:37, 27 ноября 2017
Аза кайрылуу болсун... Жаман иш болуптур...
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×