Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо окуучуларды ынтымакка чакырган иш-чаралар уюштурулууда

Turmush -  Кочкор районундагы мектептерде ИИМдин өкүлдөрү катышкан тегерек столдор өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өкүлдөрү кабарлашты.

Маалым болгондой, Кум-Дөбө айылындагы Кеңеш Мырзабеков атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү менен бирдикте «Биз ынтымактуу болобуз, ынтымак түбү ийгилик» темасында тегерек стол өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган мектептин бардык окуучулары «Ырыс алды — ынтымак», «Кыргыз эли ынтымактуу болсок, бөлүнбөсөк ийгиликтер жаралат, ошондуктан ынтымакты мектеп окуучуларынан, өзүбүздөн баштайлы» деген ураан ташташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×