Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кочкордо манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата Манас таануу интеллектуалдык таймаш өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата облустук Манас таануу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына эл аралык фонддун менеджери Азамат Нусупов билдирди.

Маалым болгондой, залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган мектеп окуучуларынын ортосундагы интеллектуалдык таймаш эл аралык фонд тарабынан уюштурулуп, Кочкор районундагы Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинде облустук деңгээлде өткөрүлдү.

Таймашка Нарын облусундагы мектептерден келген 15 команда катышты. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Коомдук телеканалдын «Баластан» студиясынын директору, Манас таануу интеллектуалдык оюнунун автору Кундуз Аманова, эл аралык фонддун президенти Саматбек Ибраев, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шерниязов, Каныбек Иманалиев, президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын башкы адиси Нурзат Асанбекова жана Сагынбай манасчынын урпактары, ошондой эле манасчылар катышты.

Нарын облусундагы мектептерден келген он беш команданын таймашынын жыйынтыгы чыгарылды. Анда 1-орунду Ат-Башы районунан келген Карпеков атындагы орто мектебинин «Кан Кошой» командасы ээлеп, эл аралык фонддун төш белгиси, 70 миң сомдук компьютер, 2-орунду алган Жумгал районунан Абиров атындагы орто мектебинин командасы эл аралык фонддун төш белгиси, 70 миң сомдук компьютер, 3-орунду Ак-Талаа районунан келген Эргеш Мейманов атындаы орто мектебинин «Аян тобу» ээлеп, төш белги жана баалуу белектерди алышты.

Ошондой эле, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу таймашына 80 манасчы катышып, 11 манасчы финалга чыгып, жыйынтыгында  1-орунду Бишкек шаарынан келген Садыбакас уулу Кутман, 2-орунду Бактыбек уулу Белек (Бишкек), 3-орунду Нурдин уулу Эрмек ( Жумгал) ээлешип, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4911
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×