Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкорлук мушкерлер Кыргызстандын биринчилигинде алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун мушкерлери Ош шаарында өткөн Кыргызстандын биринчилигинен жеңиштүү кайтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган биринчиликке Бишкек шаарынан жана Кыргызстандын жети облусунан мушкерлер катышты. Ал эми, Кочкор районунан жети боксчу катышып, аларды СССРдин спорт чебери Жаныбек Имангазиев жетектеп барды. Алардын ичинен 49 килограмм салмактагылар арасындагы беттеште кочкорлук Султан Асанкул уулу 1-орунду ээлесе, ал эми Ильяз Ишенгазиев 3-орунду алды. 91 килограмм салмактагылар арасындагы беттешүүдө Ислам Бектен уулу 1-орунду багындырды.

Мушкерлердин барып келүү жол чыгымын жана тамак-ашын, жатаканасын демөөрчүлөр, балдардын ата-энелери камсыздап беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2684
Көп окулду
×