Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 30.11.2017 16:42

Кочкордо күч органдарынын жетекчилерине «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда күч органдарынын жетекчилерине «Кочкор айылынын Ардактуу атуулу» наамы берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкор айылдык кеңешинин чечими менен райондогу бир катар инсандарга «Кочкор айылынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Алардын ичинде Кочкор районунун прокурору Н.Нуруллаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор районундагы бөлүмүнүн башчысы К.Кувандыков, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мелис Мурсалиев бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×