Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 01.12.2017 11:12

Кочкордо согуштун жана эмгектин баатырларына арналган айкелдердин ачылышы болду (фото)

Turmush -  Кочкор районунда согуштун жана эмгектин баатырларына арналып тургузулган айкелдердин ачылышы болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кочкор районунун «Сейил» гүлбакчасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Даңк» орденинин ээси Үсөн Бейшеев, Социалисттик эмгектин баатырлары — Касымбек Жунушов, Жумаалы Керимов, Билал Жусупов, Шарип Сыдыковдордун айкелдеринин ачылыш аземи өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов баатырлардын кылган эмгектери тууралуу баяндап берди. Ал эми, айкели тургузулган инсандардын туугандары эскерүү сөздөрүн айтышты. Андан соң, көзү өткөн баатырлардын арбагына багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×