Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо 2 унаа кагышып, наристе көз жумду

Turmush -  Кочкор районунда 2-декабрь күнү жол-транспорт кырсыктан наристе каза болуп, 6 адам жабыркады.

ӨКМдин маалыматына карганда, саат 21:49тар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 215-чакырымында Шопур-Булак тилкесинде «Хонда ЦР-В» (мамлекеттик номуру N74-25B) үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес Спринтер» (мамлекеттик номуру S88-71AN) кагышкан. Анын кесепетинен 2017-жылы туулган Б.А. көз жумду.

Жаракат алгандардын тизмеси:

- 1979-жылы туулган А.М. («Хонда ЦР-Внын» айдоочусу);
- 1990-жылы туулган Т.М;
- 2013-жылы туулган Б.Э;
- 1984-жылы туулган А.М. («Мерседес Спринтердин» айдоочусу);
- 1980-жылы туулган С.Н;
- 1984-жылы туулган Т.Е.

Куткаруучулар жаракат алган адамдарды тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Алар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1355
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×