Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо айылдык мектептин муз аянтчасы оңдолууда (видео)

Turmush -  Кочкордогу Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде муз аянтчасы оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектептин мугалимдери билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкордун Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин директору Замир Алдаяров эки жыл мурда мектептин аянтчасындагы таштанды төгүүчү жайды тазалатып, муз тебүүчү аянтчага айландырган. Быйылкы жылы аны кайрадан оңдоодон өткөрүп, чакан кылып жасоодо. Мындан тышкары муз аянтчада кечкисин жаштардын көңүлдүү эс алуусу үчүн түнкү чырактар да орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1267
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×