Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 05.12.2017 13:10

Кочкордун Кум-Дөбө айылында жаштар кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүштү (фото)

Turmush -  Кочкордун Кум-Дөбө айылында жаштар кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор райондук жаштар иштери боюнча адис Чолпонбек уулу Бектур билдирди.

Белгилүү болгондой, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жаштар кеңештери тарабынан жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында кыргыз күрөшү боюнча мелдеш уюштурулуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

«Мелдешти уюштурууда Кум-Дөбө айылынан Нурлан уулу Аскат, Турсунбек уулу Кубанычбек аттуу жаштарыбыздын эмгеги зор», - деди Чолпонбек уулу Бектур.

Оюнду өткөрүүгө Кум-Дөбө айыл өкмөтү, Кум-Дөбө жаштар кеңештери, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы демөөрчүлүк кылышты. Ага Кочкор, Кум-Дөбө, Теңдик, Көк-Жар, Чекилдек, Жаңы-Жол, Шамшы, Бугучу жана башка айылдардан келген командалар катышып, төрт категорияда өткөрүлдү. Биринчи категорияда 60 килограммга чейинки салмактагы спортчулар катышып, биринчи орунду Шамшы айылы, экинчи орунду Кум-Дөбө айылы, үчүнчү орунду Көк-Жар айылы багындырды. Экинчи категорияда 70 килограммга чейинки салмактагы спортчулар катышып, биринчи, экинчи, үчүнчү орунду Кум-Дөбө айылынын балбандары алышты. Ал эми, үчүнчү категорияда 80 килограммга чейинки салмактагы спортчулар мелдешке чыгып, биринчи орунду Кум-Дөбө айылы, экинчи орунду Кочкор айылы, үчүнчү орунду Шамшы айылынын балбандары ээлешти. Төртүнчү категорияда 70 килограммга чейинки салмактагы спортчулар күч сынашып, анда да биринчи, экинчи орунду Кум-Дөбө айылынын балбандары, үчүнчү орунга Кочкор айылынан барган балбандар ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×