Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кочкор районундагы манасчы С.Орозбаковдун күмбөзү оңдолууда (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында манасчы Сагымбай Орозбаковдун күмбөзү оңдолууда.

Маалым болгондой, Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине карата мурунку өлкө башчы Алмаз Атамбаев залкар манасчынын күмбөзүн оңдотууга президенттик фонддон 4 миллион сом акча каражаттын бөлүп берген.

Эскерте кетсек, С.Орозбаковдун күмбөзү 1992-жылы анын 125 жылдык мааракесинде орнотулган. Кийин 2011-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын демөөрчүлүгү менен кайрадан сырдалып оңдолгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, күмбөздүн алдына адамдар эс ала тургандай отургучтар, ошондой эле айланасына мал кирбегендей тосмо орнотулат.

Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн (тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Сары-Ойдо туулган).

1872-жылы атасы Орозбак Чүйдүн башы Кертабылгыда 80 жаш курагында кайтыш болот. Энеси да ушул жылы өлүп, Сагымбай агасы Алишердин кароосунда чоңоет. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Манасчы кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчү. Алишер Манас айта калып жүргөндүктөн андан таалим алган. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип, «Манас» эпосунан үзүндү айтканда аны ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген. Кийин Акылбек, Тыныбек, Найманбай манасчылардан таалим алган.

15-16 жашынан манасчы атыккан. 1922-1926-жылдары К.Мифтаков, Ы.Абдрахманов анын оозунан «Манас» эпосунун үчилтигинин 1-бөлүмүн жазып алышкан. Сагымбай манасчынын варианты 180 миң 378 сап ырдан турат.

С.Орозбаков 1930-жылы оорудан кайтыш болуп, сөөгү Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Аймамбеттин коктусуна коюлган. 1992-жылы 125 жылдык мааракеси белгиленип, күмбөзү айылга жакын Айгыржал деген жердеги дөңсөөгө салынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2306
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×