Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкордо тарых мугалими Ж.Болотбеков «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин тарых сабагы боюнча мугалими Жумабек Болотбеков «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган мугалимге төш белги кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан ыйгарылды. Сыйлыкты аталган түзүмдүн башкы адиси Нурзат Асанбекова Кочкор районунда өткөн Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган окуучулар арасындагы сынак учурунда тапшырды.

Жумабек Болотбеков өз ишиндеги артыкчылыгы үчүн буга чейин өкмөт башчынын колунан ардак грамота алган. Мындан тышкары Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде тарых музейин ачкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Көп окулду
×