Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акчалай жардамдар көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кочкор районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майып араба жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, Кочкордо Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата иш-чара өттү. Ага Социалдык өнүгүү министрлигинен Абдимиталип Акимжанов катышып, буту баспаган Сүйүндүк уулу Акжолтойго (Кочкор айылы), Илгиз Эмилбековго (Дөң-Алыш айылы), Сүйүнбек кызы Нур (Дөң-Алыш айылы) заманбап майып арабаларын тапшырды. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук акимдин фондунан акчалай жардамдар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө М.Мусулманкулов атындагы исскуство мектебинин мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенже Кубатова өзүнүн шакирттери менен концерт тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×